Агенттиктин инвестициялык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча функциялары:
банк-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялардын-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын-катышуучулардын реестрлерин жүргүзөт;
аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө жаткан суммалардын жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат.
ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген, ушул Мыйзамда аныкталган суммаларды аманатчыларга төлөп берет;
мүчөлүк акылардын өлчөмүн эсептейт жана депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акыларды жыйнайт;
мүчөлүк акыларды өз убагында жана толук төлөөнү камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;
мүчөлүк акыларды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптарды жана үстөктөрдү белгилейт жана салат;
ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде депозиттерди коргоо Фондунун активдерин башкарат;
мамлекеттик органдар жана башка органдар менен өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашырат;
аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында банк-агентти тандоону жүзөгө ашырат;
жоюлуп жаткан банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна төлөнүп берилген компенсациялардын ордун ушул Мыйзамга ылайык толтуруп берүүнү камсыз кылат;
депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана финансылык-кредиттик уюмдардын жоюучусу катары чыгат;
Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте карайт;
депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо каралган көйгөйлүү зайымчылардын кайрылу
Алдыда боло турган иш-чаралар
[MEC id="6680"]
Банкрот болгон банктын аманатчыларына компенсацияларды төлөө жөнүндө маалымат